• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Депутат: Байсалов менен Максүтовго берилген эскертүү кийинкиге сабак

28 Аяк оона 2023 14:07 Бишкек Govori.TV

Эдил Байсалов менен Алтынбек Максүтовго берилген эскертүү кийинкиге сабак. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов билдирди.

«Президенттин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго берген эскертүүсү туура. Себеби биздин балбандарды аба майдандан вице-премьер-министр жана министр өзү тосуп алышы керек болчу. Бул мамлекетибизди даңазалап жаткан баатырларга болгон сый-урмат болмок. Ал эми барбай койгону биринчиден, сыйлабастык. Экинчиден, өз ишине кайдыгер мамиле жасагандык деп эсептейм»,-деди Атазов.

Эске салсак, кечээ Байсалов менен Максүтов президенттен эскертүү алган. Мындай чечим Сербиядан Кыргызстанга кайтып келген Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлерин тосуп алууну жетиштүү деңгээлде уюштурбагандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Количество просмотров: 113