2021-жылдын 19-августунда Чолпон-Атада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын чыгымы 18,9 млн. сомду түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Экономика жана каржы министринин орун басары Данияр Амангелдиевдин айтымында, министрдин кабинети июль айында Ысык-Көлдөгү резиденцияда конференц-залдын курулушу жана жабдуулары үчүн каражат сураган. Иш-чараны даярдоого жана өткөрүүгө 18,9 миллион сом сарпталды.
«Тагыраак айтканда, премьерлер келип бир күндүн ичинде 18,9 миллионду жештиби?» — деп сурады депутат Мурадыл Мадеминов. Ал акчаны дагы эмнеге жумшалганын, ким эмне жеп-ичкенинен бери эсептеп берүүнү суранды.
Эске салсак, өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышкан.