• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Депутат Бишкектеги Киев жана Москва көчөлөрүнүн аттарын алмаштыруунун сунуштады

15 Жетинин айы 2018 13:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.11.2018.Govori.TV
ЖК Депутаты Рыскелди Момбеков Бишкектеги Киев жана Москва көчөлөрүнүн аттарын алмаштырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин  жалпы жыйынында билдирди.
«Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси дүйнө жүзүндө белгиленип, ал иш-чаралар аяктап, жыйынтыкталып жатканы турат. Өзгөчө өзбек туугандарга рахмат айтышыбыз керек. Алар Ташкенттеги көчөгө Айтматовдун атын берди. Казак туугандарга да рахмат. Алар дагы чоң көчөсүнө биздин жазуучунун атын берди. Бизде эмне болду? Бишкектин билинбеген иши менен илинбеген бийлиги билмексенге салып койду. Борбор шаарыбызда Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында бир дагы иш-чара өткөн жок. Бул уят нерсе. Эки даңазалуу инсан Манас атабыз менен Чыңгыз Айтматовдун атын бир көчөгө берип койду. Бул чолок, чоркок саясат. Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынан сунуш түшпөсө, анда мен сунуш киргизем. Бул Белинский көчөсүн Манас проспектиси деп атаганыбыз оң, ал эми Киев көчөсүнө Чыңгыз Айтматовдун атын берели. Ал эми Москва көчөсүнө Турдакун Усубалиевдин ысымын берели. Биз өз алдынча, эгемендүү өлкөбүз”,- деди Момбеков.
Количество просмотров: 35