• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Депутат Икрамов дүйнө чемпионатында күмүш утту

22 Тогуздун айы 202315:34 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байге алды.

Икрамов грек-рим күрөшү боюнча 46-50 жаштагы балбандар арасында 78 кг салмакта күч сынашкан.

Алтын үчүн беттеште Тазабек Икрамов швециялык Жимми Самуелсонго 12:3 эсебинде жеңилип калган. Жыйынтыгында ал күмүш байгенин ээси болгон.

Кошумчалай кетсек, Грекиянын Лутраки шаарында 17-октябрда башталган мелдеш бүгүн, 22-октябрда жыйынтыкталат.

Количество просмотров: 191