• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутат Икрамов кесиптешине спортту түшүнбөйсүңөр деп нааразы болду

10 Кулжа 2020 12:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов кесиптештерин спорт темасын түшүнбөгөндөн кийин аралашпай эле коюуга чакырды.

«Анча-мынча кесиптештерим согушту сүйлөсө окоптон чыгып, мурдун ар жакка тыга бербестен, спортту түшүнбөгөндөн кийин Спорт агенттиги кандай чечсе, ошого макул болсун да», — деди Икрамов.

Анын мындай билдирүүсү депутат Строкова гимнасттар менен акробаттар машыккан «Жаштык» дирекциясын балбандарга берүү аракети болгонун сынынан кийин айтылды.

«Ооба, балбандар бизге медаль алып келет. Бирок Олимпиадалык спорттун башка түрлөрүнө дагы көңүл буруш керек да. Алар дагы бизге медаль алып келиши ыктымал. Ал зал гимнасттар менен акробаттарга ыңгайлуу жана абдан керектүү зал. Балбандарга шыбынын бийиктиги жети метр болгону керек эмес. Биздин балдар күч менен эле эмес, эстетикалык жактан дагы тарбияланышы зарыл», — деди Строкова.

Количество просмотров: 291