• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Депутат Икрамов менен муфтий Токтомушев дүкөн ачты (сүрөт)

9 Бештин айы 201915:29 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов кийим саткан магазиндин ачылышына эмне себептен барганын айтып, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жайгаштырды.

Анын айтуусунда ачылган дүкөндө мусулмандарга ылайыкташкан кийимдер жана спорттук костюмдар сатылат. «Мени спорт чөйрөсүндө көмөк көрсөтүп жүргөн адам катары чакырышыптыр», — деген депутат.

Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максат ажы Токтомушевдин барганы тууралуу да сөз кылып, бул тууралуу өз оюн билдирди.

«Кыргызда жакшы сөз бар, «Чакырган жерден калба, чакыртпай басып барба» деген. Андыктан ажынын бул сыяктуу ачылыштарга барганынан эч кандай жаман нерсе көргөн жокмун», — деди эл өкүлү.

Эске салсак, Максат ажы Токтомушев буга чейин Бишкектеги соода түйүндөрдүн биринде Орусиялык рэперге таандык болгон Black Star Burger тез татымынын ачылышына келүүсү талкуу жараткан эле.

Количество просмотров: 5029