• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутат Икрамов жаңы конституция боюнча мыйзам долбооруна жөн гана кол койгонун айтат

18 Жетинин айы 2020 15:00 Бишкек Govori.TV

Парламенттин депутаты Тазабек Икрамов жаңы конституция боюнча мыйзам долбооруна жөн гана кол койгонун 24.kg басылмасына билдирген.

Икрамов мыйзам долбоору менен үстүрттөн гана таанышканын, негизинен ал «кандай» экенин билбей турганын айтты.

«Мен жаңы Конституциянын демилгечиси эмесмин. Бул долбоор талкууланып гана жатат, мен жөн гана колумду койдум. Референдум болот, эл чечим кабыл алат. Силер мени отуруп алып ушул мыйзамды жазды деп ойлойсуңарбы? Демилгечилер башка», — деди Икрамов.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда парламенттин расмий сайтына Жогорку Кеңештин 80 депутаты тарабынан демилгеленген Конституциянын жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүү боюнча саясатчылар, активисттер каршы пикирлерин айтып баштады.

Количество просмотров: 39