• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Депутат Иманалиев “Атамбаевдин провокатору” деген адамдан кечирим сурады

30 Чын куран 201913:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.

Ата-Мекен” партиясынын депутаты Каныбек Иманалиев менен жаш активист Гүлжигит Исаков жолугуп, бири-бирин түшүнүшүп, кечиришти. Бул туурасында депутат Фейсбуктагы жеке баракчасына жазып чыкты.

«23-апрелде болгон митингде “Атамбаевдин провокатору” деген сөз чыкты эле, андай эмес экенине эл да, мен да ишендим. Милиция кызматкерлери ата-энесине чейин текшерип барган экен, Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго чалып, бул окуяны териштирип, жообун берүүсүн сурандым. Ушул окуядан кийин тынчсызданып жаткан ата-энесине ден-соолук жана мындай намыскөй уулу менен ар дайым сыймыктанып жүрүшүн каалайм»,- деди депутат Иманалиев.

Эскерте кетсек, 23-апрелде өткөн митингте “Ата-Мекен” партиясынын депутаты Каныбек Иманалиев сүйлөп жатканда, анын сөзүн бөлүүгө аракет кылгандарды «провокаторлар» деп атаган.

Количество просмотров: 24