• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Депутат Исаевге козголгон кылмыш иши токтотулду

23 Бештин айы 201915:59 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот депутат Канатбек Исаевге карата чыгарылган биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөрттү. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, сот иш боюнча териштирүүнү кылмыштын курамында жок болгондугу үчүн токтотту.

«Жер аянтын бөлүп берүү, «ТИГ» мекемеси менен «ТЦТ» ЖАКты түзүү, «Яшар» дүкөнүн көчүрүү эпизоддору боюнча Канат Исаевге, Болот Имамадиевге, Мирлан Эсенбековго карата Биринчи май райондук сотунун 2018-жылдагы өкүмү жокко чыгарылды», — деп билдиришти соттон.

Жогорку соттун соттук коллегиясынын токтому менен Канатбек Исаевге карата козголгон кылмыш иши, анын кылмыштын курамында жок болгондугуна байланыштуу токтотулду.

Количество просмотров: 49