Бүгүн, 10-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Шакиев Орусияда ишинен айрылып калган эмгек мигранттарына өз өлкөсүнөн иштөөгө шарт түзүп берүүгө аракет кылуу керек деп эсептейт.
“Ишсиз калган эмгек мигранттарын өзүбүздөгү курулуш компанияларга тартуу маселесин чечүү керек. Биздеги курулуш компаниялары иштөөчү адамдар жетишпей, чет элдин жарандарын алып келип иштетип келгени белгилүү. Учурда Орусияда ишинен айрылып, алапайын таппай жаткан жарандарыбыз болсо чакырып, иш орду менен камсыздап берүүбүз керек”, – деди депутат.