Жогорку Кеңештин бүгүн, 27-февралдагы отурумунда депутат Жыргалбек Турускулов сөз сүйлөп, Кыргызстанга коронавирус катталып жаткан Италиядан келген 2 жаран өздөрү ооруканага 14 күнгө карантинге жаткырып койгула деп суранып жүрушкөнүн айтып, чара көрүүнү билдирди.
«Кечээ күнү коронавирус боюнча вице-премьер-министрди чакырып, министрди чакырып сураганбыз. Ошондо так айтышкан: «3 күн карантинде кармайбыз, текшеребиз, андан кийин биринчи белгилери аныкталбаса жөнөтөбүз. 14 күнгө чейин инкубациялык күн» деп айткан. Мен факт айтайын. Туугандары азыр кайрылышты. Бүгүн эртең менен Италиядан 2 кыргыз жаран келди. Тилекке каршы аэропорттон тепловизор менен текшерип эле жөнөтүп жиберишиптир. Туугандары айтыптыр: «Италиядан келдиң, ал жактан коронавирус чыккан. Инфекциялык ооруканага барып текшерилип кой деп жөнөтүшүптүр. Инфекциялык ооруканага бүгүн барса «отфутболить» этип, температурасын текшерип туруп жөнөтүп жиберишиптир. Бүгүнкү кезде коронавирус Америкада дагы, Грузияда дагы башталды. Эгерде ушундай шалаакылык иш кылсак, анда кырылып калабыз да. Буга чара көрөлү. Кечээ күнү эле айтып жатсак, бүгүн Италиядан келген жарандарды коё беришиптир. Өздөрү суранып жүрүшөт: «мени 14 күн карантинге жаткырып койгулачы» деп», — деди Ж.Турускулов.
Бул маалыматтан кийин төрага Дастанбек Жумабеков өкмөт мүчөлөрүнө премьер-министрге да кабар берип, тез арада териштирүүнү тапшырды.
Акыркы маалыматтар боюнча, Италияда коронавирус 323 адамга жугуп, 11 адам каза болду. Бул өлкөдөгү 11 шаар карантинге жабылып, көптөгөн иш-чаралар өтпөй калды.