• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат үй-жайсыз калган түркиялыктарга боз үй жөнөтүүнү сунуштады

8 Бирдин айы 2023 13:06 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Түркиядагы жер титирөөдө үй-жайсыз калгандар убактылуу баш калкалап турушу үчүн боз үйлөрдү жөнөтүүнү сунуштады.

«Маданият министрлиги менен биргеликте боз үйлөрдү жөнөтүү боюнча чечим кабыл алсак. Мындан сырткары бир күндүк маянабызды которуу боюнча сүйлөшөлү»,-деди Атазов.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаарлар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиядагы зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 5 миң 894 адамга жетти. Жабыркагандардын саны 34 миң 810.

Количество просмотров: 47