Бүгүн, 20-январда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында ыш менен күрөшүү үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын отчету каралды.
Жыйын учурунда депутат Акбөкөн Таштанбеков экологиялык талаптарды бузган өнөр жай компанияларга кенемте төлөтүү маселесин карап чыгууну айтты. Ошондой эле депутат катализатору жок унаалаарга салык киргизүүнү сунуштады.