Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматовдун суроого так жооп бере албаганын сынга алды.
Таштанбеков аткаминерге «2» деген баа койду.
«Фамилияңыз ким? «2», ата-энең менен кел эмкиде», — деди Таштанбеков.