Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков жаңы автобекетти куруп бүтүрүп, анан эскиден көчүрсө жакшы болмок деген пикирин билдирди.
«Эгерде биз ушул автобекетти эскирип калды деп буза турган болсок, демек мындан жок дегенде 3-4 эсе чоң, кооз нерсе салышыбыз керек. Менин оюмча шашылыш болуп калды. Биринчи автобекетти бүтүрүп туруп эскиден жаңыга көчүрсө болмок», — деди депутат.
Депутат ошондой эле автобекетти көчүрүү менен тыгын бир аз кыскарганы менен толук чечилбей турганын кошумчалады.