• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат келиндин сөгүшүнө кабылган дарыгерди кабыл алды

15 Үчтүн айы 2020 17:37 Бишкек Govori.TV

Жаш келиндин сөгүшүнө кабылган дарыгер Чолпон Рысбекованы Жогорку Кенештин депутаты Жылдыз Мусабекова кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Мусабекова мугалим менен дарыгерлердин укугун коргоо тармагындагы көйгөйлөрдүн күнгөй-тескейин кеңири талкууга алган.

Ал эми дарыгер Рысбекова дарыгерлердин укуктары корголбой жатканына токтолду.

«Учурда жаш дарыгерлердин укуктары корголбой калган учурлар аябай көп кездешет. Көпчүлүк билимдүү жаштар чет өлкөлөргө кетип жатышат», — деди Рысбекова.

Эске салсак, буга чейин оорукананын дарыгери менен жаш келиндин ортосунда чыр чыккан. Ана аял дарыгерди сөгүп, кол көтөрүүгө аракет жасаган. Дарыгер милицияга арыз жазган. Кийинчерээк тараптар жарашкандыктан ал арызын кайтарып алган.

Количество просмотров: 5036