• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат: Кеп комитеттердин аталышында эмес, кеп аткарылган иште

13 Үчтүн айы 2022 10:43 Бишкек Govori.TV

Кеп комитеттердин аталышында эмес, кеп аткарылган иште. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты Эмил Токтошев «Парламент» радиосуна курган маегинде билдирди.

“Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 8 комитеттин бири. Буга чейинки VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеште бул эки башка комитет болчу. Аталган тармактардын карай турган суроолору өтө көп. Ошондуктан, ири тармактардын иши татаалдашпоосун туура көрөт элем. Мисалы, министрликтердин чегинде чечмелей келсек, бир кезде Каржы жана экономика министрликтери бир аталыш менен бир түзүмдө иш алып барган болсо, акыры иштин жыйынтыгы эки башка министрликтин зарылчылыгын көрсөтүп, кайра эки министрлик өз – өзүнчө иш алып бара баштады. Комитеттердин деле деңгээли эки башка багыттагы иштердин көптүгүнөн араба тарта албай калбашы керек”, — дейт ЭмилТоктошев.

Белгилей кетсек, 12-январда Жогорку Кеңеш түзүмүн бекитти. Ага ылайык, парламенттин 8 комитети түзүлдү. «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы көрсөткөн Жамиля Исаева, «Ишеним» фракциясынан депутат Нурбек Сыдыгалиев жана Алай округунан Улан Примов төраганын орун басарлары болуп шайланды.

Количество просмотров: 169