• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Өкмөт башчы эл өкүлдөрүн тоготпойбу?

20 Жалган куран 2019 12:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.03.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңеште депутат Карамат Орозова Кыргыз-Тажик чек ара маселеси каралып жатканда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев келбегенине нааразы болду.

» Мына биздин жүзүбүз, биз түзгөн өкмөт… бизди тоготпойт. Менин айткым келет ошондой чуулгандуу окуя болуп жатса, ок чыгып жатса, чек арабыз бузулуп жатса, элдин баары ыйлап көчөдө жүрсө бир жолу үн каткан жок өзүнүн пикирин айтып. Эми ушу талкуусуна да келбесе, бизге мындай өкмөттүн кереги барбы же жокпу. Мен өкмөттүн отставкасын талап кылам «, — деди ал.

https://www.facebook.com/kg.sdpk/videos/294710757891744/?v=294710757891744

Эске салсак, 13-мартта кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын ортосунда чыр чыккан. Натыйжада тажик тараптан эки адам каза болуп, кыргыз тараптан эки жаранга ок тийген.

Количество просмотров: 7