• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат: Коңшу өлкөлөргө суу керек болсо сатып алышсын

28 Бугу 2020 11:51 Бишкек Govori.TV

Мындай пикирин бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.

Анын айтымында, кошуна мамлекеттерден электр энергиясын сатып алып, сууну бекер берип койгонубуз туура эмес.

«Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн аздыгы айтылып жатат. Ошол эле мезгилде өкмөт тарабынан кошуна мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Сүйлөшүүлөр жүрсө, сууну сатыш керек. Эгерде аларга суу керек болсо сатып алышсын. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү боюнча так маалымат берип туруу керек. Эл көзөмөлдөп турсун», — деди депутат.

Количество просмотров: 628