• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутат Кожобек Рыспаев “Ачык саясат” гезитин соттон жеңди

17 Бештин айы 2019 19:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку сот гезити Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге моралдык чыгым үчүн 300 миң сом төлөп берсин деген чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу Кaktus.media сайты жазды.

Ал эми КСДП партиясынын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева бул өкүмдү сөз эркиндигине карата саясий буйрутма деп эсептейт.

Депутат Рыспаев коомчулукка “Ачык саясат” гезити менен бул маселени тынчтык жолу менен чечүүгө барбасын билдирген.

Эскерте кетсек, эл өкүлү анын аброюна жана ар-намысына шек келтирди деп гезитти сотко берген. Ага гезитте депутат бир саясий партиядан экинчи партияга өткөндүгү айтылып, аны журналисттер “хамелеон” деп аташканы себеп болгон. Доо арыз берген учурда депутат алгач моралдык чыгым катары 300 миң сом деп белгилеп, кийин ал сумманы эл өкүлү 1 миллион сомго чейин көтөргөн. Бирок сот анын башындагы талабын гана канааттандыраган.

Количество просмотров: 243