Жогорку Кеңештин депутат Шайлообек Атазов «Кумтөр» боюнча экс-президенттер менен экс-премьер-министрлерди парламент жыйынына чакырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-майдагы жыйынында билдирди.
«Кечээ Кумтөр боюнча токтомду карап, мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгын уктук. 1992-жылдан 2020-жылга чейин кээ бир чиновниктердин мамлекетке чыккынчылык кылганы жөнүндө сөз болду. Токтом долбоордо аты аталган экс-президент, экс-премьер-министрлерди Жогорку Кеңешке чакырып, сурашыбыз керек. Кээ бир депутаттар кожоюндарына адвокат кылууну улантып жатышат. Бүгүн өлкөбүздүн башчысын каралоо кампаниясы башталды. Кремлде интервью берип жаткан, абакта отурган экс-президенттер келип жооп берсин», — деди ал