Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталды. Депутаттар күн тартиби бекитилгенге чейин ар кандай сунуш-пикир киргизишти.
Депутат Аида Исмаилова Кумтөр кенинде жоголгон эки адам дагы эле табыла элек экенин билдирди.
«Мурунку жумада биздин эки жараныбыз Кумтөр кенинде жердин астында калышты. Алар азыркыга чейин табылбай жатат. Кумтөрдө иштеп жаткан жарандарыбыз кайрылып жатат. Бул Кумтөрдүн эле маселеси эмес. Биз Кыргызстанда канча кен казылып жатканын жакшы билебиз, аябай эле көп. Ошондуктан бул адамдын коопсуздугуна байланыштуу маселе. Бизге же Жогорку Кеңеш, же өкмөт үн катпайт деп жатышат», — деген депутат өкмөттөн бул иш боюнча расмий маалымат берүүнү суранды.
Андан кийин сөз сураган депутат Максат Сабиров кенде коопсуздук каралбаганын айтып, комиссия түзүүнү сунуштады. Ал эми төрага Дастанбек Жумабеков жакында өкмөт Кумтөр кени боюнча маалымат бере турганын билдирди.