«Кумтөрдүн» артынан байыгандарга эл аралык издөө салып, жоопко тартуу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.
«Кумтөр концессиялык келишим менен иштеп жатат. Алсак, аталган келишимдин шарттары 2003-жылы өзгөрүлгөн. Ал эми 2009-жылы Бакиевдердин убагында кескин түрдө өзгөртүлгөн. Комиссиянын маалыматы боюнча, «Центерра” менен 2009-жылдагы сүйлөшүүлөрдү экинчи президенттин уулу Максим Бакиев менен анын досу Алексей Елисеев жүргүзгөн. «Кумтөрдүн» артынан байыгандарга эл аралык издөө салып, жоопко тартуу керек»,-деди депутат.