• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Депутат Кыдыралиев 5-октябрдагы төңкөрүштүн күнөөкөрлөрүн тынбай издеп жатат

6 Жетинин айы 2020 11:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында 5-6-октябрь күндөрү Ак үйдүн имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Анын төрагалыгына вице-спикер Мирлан Бакиров дайындалды.

Комиссиянын мүчөлүгүнө бардык министрликтердин, агенттиктердин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди. Ал эми депутат Умбеталы Кыдыралиев 5-6-октябрдагы окуяга саясий баа берүү керектигин Жогорку Кеңештин депутаты кезектеги жыйында билдирди.

“Азыр көпчүлүктө суроо жаралып жатат. Биз анализдеп, бир чечим чыгарышыбыз керек”, – деди ал.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев буга чейин дагы 28-октябрда парламент жыйынында вице-премьер министрликке талапкерлиги каралып жаткан Элвира Сурабалдиевага нааразычылык акциясына байланыштуу бир нече суроо узатып, ачууланганы бар.

«Жаштардын революциясы деп эле атасыңар, аны кандай түшүнсө болот? Бул тууралуу толук түшүндүрмө бериңиз», — деди депутат.

Анда Сурабалдиева: «Кайталап кетейин, 5-октябрда Жогорку Кеңештин шайлоо натыйжасына ачуусу келип, одоно мыйзам бузуулар менен өткөн шайлоо болду деп борбордук аянтка 20 миңдей жарандарыбыз топтолушту. Ошондо партия жетекчилери чогулуп, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын деген талап менен чыгышты жана алардын арасында мен да бар болчумун. Эмнеге жаштар десем, анткени ал жердеги катышкандардын көпчүлүгү жаштар болду, жараат алгандардын дагы көпчүлүгү жаштар болуп калды», — деди Сурабалдиева.

«Сиз 5-октябрда Кыргызстанда революция болду деп ойлойсузбу? Сиз жетектеп барып, Ак үйдү өрттөгөндө ошол төңкөрүшкө жатабы? Эмне үчүн сиздер дайыма жаштар деп айтасыздар. Мен айтып коеюн, ар бир саясий партияда жаштардын квотасы бар. Баш мыйзамда жазылгандай жаштардын чогулуп өзүнүн оюн айтканга толук кандуу укугу бар. Өлкөдө эч качан жаштарды эч ким кемсинтип, укуктарын чектеген эмес. Анан эмне үчүн жаштар деп айтып жатасыз? Элвира Жыргалбековна сиз жаш, эмоционалдуу саясатчы катары көп нерсени билбейсиз. Ушунун артында тактап айткандар «жаштар» деген долбоордун артында чоң чет өлкөлүк державалар бар. Алар Кыргызстандын стабилдүүлүгүнө, саясий туруктуулугуна чоң коркунуч алып келип жатат. Силер люмпендик лозунгдарды көтөрүп жөн эле чуркап жүрө бересиңерби? Жоопкерчилик деген болуш керек да. Мына Ак үйдү өрттөп кеттиңер, эми революция деп жатасыңар. Биз толук кандуу иштей албай отурабыз ушул жакшы көрүнүш болдубу?»,-деп билдирген Кыдыралиев.

Эске салсак, 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон жети пайыздык босого чекти өтпөй калган партиялардын өкүлдөрү жана тарапташтары мөөнөтсүз митинг массалык башаламандыкка айланып, 900дөн ашык адам жаракат алган.

Количество просмотров: 486