• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Депутат Кыдыралиев референдум өткөрүүнү сунуштады

21 Тогуздун айы 202012:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев мамлекеттик түзүлүштү аныктоо үчүн референдум өткөрүүнү сунуштады.

«6-октябрдан бери референдум өткөрүү керектигин айтып жатам. Анткени мамлекеттик түзүлүштө башаламандык жаралып жатат. Буга байланыштуу референдум өткөрүп башкаруу формасын так аныктап алышыбыз керек», — деди Кыдыралиев.

Депутаттын мындай пикирине Каныбек Иманалиев, Дастан Бекешевдер каршы чыгышты.

Количество просмотров: 94