• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Депутат Кыргызстанда убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады

30 Жетинин айы 2023 11:33 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева жалпы жыйында Кыргызстанда убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады. Ал убакытты жылдыруу боюнча сунушту карап чыгуу үчүн өкмөткө протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

«Элдин ден соолугу үчүн убакытты карап чыгууну сунуштайм. Себеби айыл жеринде балдар бала бакчага же мектепке таң эрте барарда жолбун иттерге таланган учурларды угуп жүрөбүз. Балдар өтө эрте турганда саламаттыгына да терс таасири тиет деген адистердин аныктамалары бар. Ошондуктан Кыргызстандагы убакытты бир саат артка жылдыруу сунушун карап чыгууну өтүнөм» , — деди депутат.

Буга чейин Кыргызстанда саатты артка жылдырып, убакытты өз ордуна келтирүү сунушталган. Демилгечилер дарыгер Нурали Койлубаев менен “Баткен таңы” гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов саатты артка жылдыруунун бир нече себеби бар экенин айтышкан.

Алардын айтымында, ишкек бешинчи алкакта жайгашкандыктан, UTC+5ке өтүү туура болмок. 

Количество просмотров: 113