Жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Ал окко учкан жердин жанында анын автоунаасы табылганын жана машинеге консулдуктардын бирине таандык экени айтылган жасалма номер тагылганын түрк басылмалары жазып чыгышкан.
11-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулган.
Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев пикирин айтып, Кыргызстанда кадр маселесинде кризис бар экенин белгиледи.
Бул күндөрү дипломаттар жөнүндө ар кандай пикирлер айтылып жатат. Эми мындай да, жалаң эле дипломатияда эмес жалпы эле мамлекетте кадрлык кризис бар. Эми кадрларды өзүнүн билимине жараша, тажырыйбасына жараша аны ар жактан териштирип таза кадрларды дайындасак жакшы болмок. Мындай адамдарды тапса болот — деди эл өкүлү.