• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жумабеков: Бакиев мыйзам алдында жооп бериши керек

17 Бугу 2023 14:04 Бишкек Govori.TV

Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе мыйзам алдында жооп бериши керек. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Дастан Жумабеков билдирди.

Жумабеков мурунку президенттин жакында берген маеги боюнча өз пикирин билдирип жатып, Бакиевге карата чыккан соттун чечими бар экенин белгилеп, эгер ал өлкөгө келсе мыйзам боюнча жоопко тартылуусу керектигин билдирди.

Учурда Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин жакында жарык көргөн маеги коомчулукта бир катар талкууларды жаратууда. Маекти Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев алган.

2010-жылы элдик толкундоолордон кийин бийликтен кеткен Бакиев маегинде өзү бийликте тургандагы өлкө экономикасы, өндүрүштүн абалы тууралуу айтып, кандуу окуяларга байланышы, ага карата чыккан сот өкүмү, ал президент болуп турган мезгилде орун алган буюртма адам өлтүрүүлөр жөнүндө суроолорго жооп берген. Ал ошондой эле 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сотко Беларустан онлайн катышууга даяр экенин айткан.

Эске салсак, сот Курманбек Бакиевди 30 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ал эми уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 105