• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жумабеков Сырт өрөөнүндө калган малчылардын көйгөйүн айтты

2 Кулжа 202211:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Ысык-Көл облусундагы Сырт өрөөнүндө калың кар түшүп, мал-жандыктарга тоют жок болуп жатканын айтып чыкты.

“Малчылар чыккан жайлоодо жолдор жабылып, жем-чөбү жок мал кырыла баштады дейт. Тик учактар деле бар. Аларга тоют жеткирбесек, абал оор”, — деди Жумабеков.

Жумабеков ошондой эле Министрлер кабинетин тез арада чара көрүүгө чакырды.

Количество просмотров: 125