Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков Бишкектеги убактылуу автобекетте түзүлгөн шарттар боюнча маселе көтөрдү.
Анын айтымында, борбор калаанын мэриясы унаа базарынын жанына темир контейнерлерди орнотуп, аймакка шагыл чачылган.
“Шагыл төгүп, тегерегин эле тосуп коюшкан. Башка шарт жок. Ал жерге канча деген адам келип-кетет. Кышында эң суук жер, жайында аябай ысыган жер да ошол аймак. Убактылуу болсо да шарт болуш керек да. Талаага алып барып эле каттамдар ушул жерде болот деген болбойт”, — деди ал.
Бишкектеги Батыш автобекети 23-октябрдан тарта жабылып, Нарын жана Ысык-Көл облусуна каттамдар былтыр жаңы курулган “Бишкек автобекетинен” кете баштады. Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына кетүүчү автоунаалар Сокулук районундагы бөлүнгөн жерге көчүрүлдү.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 30-октябрда РИОМ автобазарынын жанында бөлүнгөн жайдагы автобекет убактылуу иштей турганын билдирди.