• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат Өмүркуловдун уулу жол кырсык учурунда мас абалда болгон

17 Бугу 2021 13:07 Бишкек Govori.TV

15-майда кечки саат 22:30 чамасында Бишкектеги Масалиев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Бишкек шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, «Порше Пономера» унаасын айдап бара жаткан 39 жаштагы жаран жөө адамдар өтчү өтмөктөн өтүп бара жаткан 28 жаштагы кызды уруп кеткен.

Натыйжада кызды «тез жардам» Бишкектеги травматология жана илим изилдөө институтуна ар түрдүү жараттары менен алып барган. Окуя болгон жерде ыкчам тергөө аракеттеринен кийин жол кырсыгына күнөөкөр адамдын мас абалында болгону аныкталды.

Аталган иш Жоруктар кодексине ылайык каттоого алынып, экспертиза дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө. Автоунаа айып короого токтотулган.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары бул жол кырсыгына себепкер болгон адам Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркулов экенин жазышты.

Количество просмотров: 558