• Жума 19 Теке 2024
  • Пятница 19 Июль 2024

Депутат Маматалиев кылмышка шектүүлөрдөн табылган документин жоготуп алганын айтты

6 Теке 2024 13:47 Бишкек Govori.TV

5-июлда бийликти басып алууга шек саналып кармалгандардын үйүн тинтүү учурунда Жогорку Кеңештин эки чакырылыштарынын депутаты Марлен Маматалиевге таандык Аскер билети табылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиндеги (УКМК) булактарына таянып, «Кактус» медиасы жазды.

Көп өтпөй депутат Марлен Маматалиев Фейсбуктагы баракчасына аскер билетин, паспортун, дипломун 2010-жылкы Апрель окуяларынын тушунда жоготуп алганын билдирди.

Депутаттын баракчасындагы жазганына караганда, кийинчерээк кайра калыбына келтирген документтери 2020-жылкы Октябрь окуясы учурундагы башаламандык учурунда Жогорку Кеңештеги сейфинен кайрадан жоголгон.

«Бул кылмышкерлерге эч кандай тиешем жок. Балким алар ошол мезгилдеги парламентте сейф бузгандар болушу мүмкүн. Алар бул үчүн да жооп бериши керек», — деп жазды Маматалиев.

УКМК 5-июлда маалымат таратып, Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирген.

Количество просмотров: 231