• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Депутат: Мамлекеттик чек ара кызматынын штабын түштүккө көчүрүп баруу керек

19 Бештин айы 201912:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталды. Анда депутат Улан Примов (КСДП) Мамлекеттик чек ара кызматы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин штабдарын түштүккө көчүрүп барууну сунуштады.

«Чек ара маселеси боюнча баарыбыз күбө болдук. Ал жерден 4 адам жаракат алды. Биздин Чек ара кызматы менен Өзгөчө кырдаалдар кызматынын штабдарын толугу менен түштүккө көчүрүп баруу керек. Акыркы окуялар буга убакыт келди дегенди билдирет. Себеби эң орчундуу маселелер Жалал-Абад, Баткен облустарында болуп жатат. Башкы штаб чек арага жакын жайгашышы керек», — деди ал.

Ошондой эле депутат чек ара аймагында жайгашкан райондордун тургундарына айлык акы, социалдык төлөмдөр, пенсия жаңы жылга чейин берилиши керек экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 171