• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат Масалиев өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп табууну сунуштады

12 Бугу 2020 13:04 Бишкек Govori.TV

Бул өкмөттүн ишин канааттандырбашыбыз керек. Өкмөт ишин так аткарган жок. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев билдирди.

Депутат комитет төрагасына кайрылып, өкмөттүн отчетун четке кагуу тууралуу сунушун добушка коюуну суранды.

«Биз азыр отчетту кантип канааттандырабыз? Өздөрү жазып атса, биз жумушубузду 80 пайыз аткарсак. Рейтингиңер эмнеге көтөрүлүп кеткенин билбейм. Бирок бюджет аткарылбаптыр. Биз бекитип берген мыйзамды аткарыш керек да. Анан адаттагыдай күздө келесиңер 2019ду түзөтүп бергиле деп. 2018-жылдагыдай болуп 4-5 миллиардды өзгөртүп бергиле дейсиңер. Ошентип эч нерсеге эч ким жооп бербей калат. Бул өкмөттүн ишин канааттандырбашыбыз керек»,-деди Масалиев.

Количество просмотров: 317