Райымбек Матраимов Кыргызстандан үй-бүлөсү менен чыгып кетти. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагындагы баракчасында ЖК депутаты Ирина Карамушкина жарыялаган.
«Райымбек Матраимов 4 күн мурда үй-бүлөсү менен өлкөдөн учуп кетти! Эми анын «колдоочусу» качан кетерин күтөбүз», — деп жазган ал.
Эске салсак, кечээ «Азаттык», Kloop жана OCCRP бажыдагы коррупция тууралуу иликтөөсүн чыгарган.
Журналисттердин материалдарында бажыдагы коррупциялык схемаларга Райымбек Матраимовдун катышы бардыгы айтылат.
Kloop агенттинин маалыматтарына ылайык, Түркияда киши колдуу болуп ажал тапкан ишкер Айеркен Саймаити журналисттерге берген маегинде өзбекстандык ишкер Абдукадырдын үй-бүлөсүнөн алынган параны чогултуп, бөлүштүрүүнү Матраимов дал өзү жетектеген.