• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Депутат Мавлянова Отунбаеванын сөзүнө жооп кайтарды

5 Бештин айы 201911:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде өтүп жаткан феминналени сынга алды.

5-декабрда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал «Кыргызстандын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратчу бир катар фактор, алар түндүк-түштүк, трайбализм» экенин белгилеп, «булар аз келгенсип шаардык-айылдык деп жарыялап тургандар абдан туура эмес кылып жатышат» деди.

Бизге батыш, чыгыш элинин жана башка элдин маданиятын таңуулоону токтотуш керек. Зордук-зомбулук көйгөйүн баарыбыз көрүп-билип, күрөшүп келе жатабыз. Өзүбүздүн улуттук баалуулуктар, элдик педагогика менен маданиятка тескери болбогон жолдор менен күрөшсөк болот, — деди Мавлянова.

Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда феминнале иш-чарасы башталган. 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган 17 күндүк көргөзмөгө аялдардын укугун коргоо боюнча сүрөттөр, экспонаттар коюлду. Алардын бири — денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түштү.

2-декабрда жарандык активисттер тобу нааразылыгын билдирип чыккандан кийин көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматынан өз арызы менен кеткен.

Количество просмотров: 1999