• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Депутат милиционерлердин жарандарды видеого тартуусунун мыйзамдуулугуна кызыкты

15 Чын куран 202014:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова медицина кызматкерлеринин коронавируска чалдыкканын токтотуу боюнча катуу иш-чараларды алып баруу керектигин билдирди.

Ал эми вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүнкү күнү 99 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганын эске салды.

«Медицина кызматкерлери вируска чалдыкканы боюнча комиссия түзүлдү. Иш-чаралар алып барылып жатат» дейт Исмаилова.

Ошону менен катар эле депутат милиция кызматкерлеринин видеого тартканы боюнча канчалык мыйзамдуу экенин сурады.

«Милиция кызматкерлери жакшы иш алып барып жатышат. Бирок 2-3 укук коргоо органынын кызматкерлери чыпалактай болгон бир кызды видеого тартып жатышат. Бул канчалык мыйзамдуу?» — деп сурады депутат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул маселени карап чыгарын айтты.

Количество просмотров: 168