Бишкек.23.05.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров мандатын тапшырды. Бул тууралуу ал өзү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Анын мындай чечимге келишине Өкмөт тарабынан ага “Улуттук Энергохолдингди” жетектөө сунушу түшкөнү себеп болгон. Ал парламенттеги баардык кесиптештерине ыраазычылык билдирди.