• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Депутат: Ноокат менен Сузакта 2 миңден ашык пенсионер пенсия албай калган

14 Бугу 2020 11:21 Бишкек Govori.TV

Ноокат районунда 1 миң 50, Сузак районунда 2 миң 200 пенсионер апрель айынын пенсиясын албай калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Аталган эки районго тең өзгөчө кырдаалдар кирген. Ал жерде пенсия күтүп отурган качалаган пенсионерлер бар эле. Өзгөчө кырдаалда азык-түлүк ала албай отурган персионерлерге пенсияны жеткирип бербей коюшуптур. Тез арада бергиле!, — деп билдирди Жамалдинов.

Количество просмотров: 56