• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат Орозова уялбай эле автобуска түшөт

1 Бирдин айы 2018 13:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.01.2018.Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук транспортто жүргөнү уят көрүнүш эмес. Мындай оюн эл өкүлү Карамат Орозова билдирди.

«Депутат болгонго чейин да, болгондон кийин да коомдук транспорт менен эле каттап жүрөм. Бул эч кандай уят иш эмес. Ал эми кесиптешим (ред. Камчыбек Жолдошбаев) кызматтык иштерди аткарууда кыйынчылык туулуп жатканын түшүнүктүү айта албай калды. Чынында, эркек адамга байкалбаганы менен айым депутаттар аймакка чыкканда кызматтык унаанын жоктугу үчүн кыйналып калабыз,»-деп «Марал» радиосуна билдирди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу коомдук транспорт менен колдонгон депутаттардын ысымын атап кетти.

Коомдук транспорт менен жумушка Карамат Орозова, Евгения Строкова, Аида Касымалиева, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина келишет экен.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Камчыбек Жолдошбаев, депутаттар жана алардын жардамчылары маршруттук кичи автобустарда жүргөнүнө, жумушка жөө каттап жатканына уяларын билдирди.

Количество просмотров: 8