Бишкек. 04.04.2019. Govori.TV.
ЖКнын жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов Орусия президенти Путиндин Кыргыз өлкөсү менен 6 миллиард доллар суммасында инвестициялык келишим түзүлгөнүн айтты.
«Жакында эле Бишкекке Орусиянын президенти Владимир Путин жана аны коштоп бир топ ишкерлер келди. Жалпы суммасы 6 миллиард долларга келишим түзүп кетишти. Буга чейин мындай инвестиция кирген эмес. Орусиядан келген каражат менен өлкөгө пайда алып келе турган кандай иш-аракеттер көрүлөт? Биздин ишкерлер Казакстандын чек арасында кыйналып жатышат. Ошондуктан тез арада Орусия өкмөтү менен биргеликте иш планды даярдап, Ош, Нарын жана Чүй облустарына ЕАЭБдин алкагында фитосанитардык лабораторияларды дүйнөлүк стандартка тууралап курушубуз керек. Кыргыз мамлекетинде өндүрүлгөн продукцияны кайра иштетип, орусиялык инвесторлор менен биргеликте Кытай базарына киргизүүнү пландашыбыз зарыл»,- деди эл өкүлү.