• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Осмонбек Артыкбаев УКМКага келди

5 Кулжа 2018 17:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.06.2018. Govori.TV.
Жогорку Кеңштин депутаты Осмонбек Артыкбаев дагы УКМКага чакырылды. Азыркы учурда ал имаратка кирип кетти.
УКМКада Кубанычбек Кулматов менен мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сурак берип жаткан учур.
Мурда айтылгандай эле улуттук коопсуздук комитети Айбек Калиев менен Осмонбек Артыкбаевди беттештирип суракка алып жатат.
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев 18-апрелде шектүү катары кармалган жана УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Калиевдин адвокаты бул ишке депутат Осмонбек Артыкбаевдин түздөн түз тиешеси бар деп беттештирүү маселесин көтөргөн.
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев мурда энергетика министри болчу.
Количество просмотров: 23