Октябрь окуяларына быйыл 1 жыл болду. 2020-жылдын 4-октябрында талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, Баш мыйзамы өзгөртүлүп, Кыргызстан президенттик башкарууга келди. Мындан улам, бийликти алмаштырган октябрь окуясынан кийин эмне өзгөрдү?
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун айтымында, октябрь окуясынан кийин көрүнүктүү иш Кумтөрдү алганыбыз болду.
«Мамлекетибизде бийлик алмашкандан кийин көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Эң көрүнүктүүсү «Кумтөр» маселеси. Аталган кенден бюджетке каражат түшүп жатат. Дарак отургузсаң дагы бир жылдан кийин түшүмүн берет, буюрса бере баштады десек болот»,-дейт депутат Осмонов.