• Ишенби 19 Аяк оона 2020

Депутат профсоюз башчылары чоң маяна ала турганын айтып, таң калды

29 января 2020 в 9:34 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Кыргызстандагы Кесиптик бирликтердин жетекчилери ири суммадагы маяна ала турганын айтып, таң калды.

Бүгүн “Кесиптик бирликтер тууралуу” мыйзамдын аткарылышын иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму өттү.

Жыйында Рыспаев бул тармактын жетекчилерине көзөмөл жок болуп, өзү билемдик менен бир топ мыйзамсыз иштерди жасап келгенин белгиледи. Мисал катары тоо-кен металлургия тармагын караган Алмазбек Жакыпов 2014-жылы айына 400 миң сом алып турганын айтты.

“Өз кесиби менен иштеген жөнөкөй кызматкерлер 5000 сом айлык алат. Аны да кыйнап, үч айга бөлүп беришет экен. Эми өзүлөрүнүн айлыктарын санап берейин. Билим берүү министрлигинин кесиптик бирлигинде иштеген Асылбек Токтогуловдун маянасы 159 миң сом, Тоо-кен металлургияны карагандар 150 же 99 миң сом, Муниципалдык мекемелерди тескегендер 77 миң сом айлык алат. Ал эми маданият тармагындагылар 60 миң, Жайчиева 82 миң сом, Токой чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигин карагандар 59 миң сом алат. Саламаттык сактоодо Накен Саалиев 90 миң, Каратаев 70 миң, энергетика тармагын караган Шамил Осмонов 74 миң сом маяна алып турган”, — деди Рыспаев.

Эл өкүлү бул туруктуу маянасы гана экенин белгилеп, андан тышкары, бир жолку эмгек акы дагы алышарын кошумчалады. Элдар Тажибаев бир жолу 244 миң сом, кийин такай 125-130 миң сом маяна алып жатканын кошумчалады. Мындан сырткары, алар эки-үч жылдын аралыгында 10-20 ирет чет өлкөгө командировкага чыкканын белгилеп өттү.

Ошондой эле депутаттар кесиптик бирликтер өлкөдөгү ден соолукту чыңдоочу курортторду жеке менчикке сатып жиберишкен деп сынга алышты.

Депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңеште элита отурганын бүгүн дагы бир жолу белгилеп өттү. Ошондой эле ал парламентарийлерди кой деп ачык эле айтып жатышканына ызаланып, буга чара көрүү керектигин билдирди.

Жогорудагы фактылар боюнча териштирип чыгуу жыйынга катышкан укук коргоо органдарынын жетекчилерине тапшырылды.
Депутаттар кесиптик бирликтердин укуктарын кайрадан ыраатташтыруу үчүн мыйзам долбоорун сунуштаган. Кесиптик бирликтердин федерация өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы экени белгилүү болгон. Бул мыйзам долбоору талкууга түшкөндүктөн талдоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

Аталган мыйзамга 1998-жылдан бери өзгөртүү киргизиле элек. Мында кызматкерлердин жаш курагын 65тен ашырбоо, чогулган каражаттын ачык-айкындуулугун камсыздоо жана мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, жакында эле Финансы министрлиги кыргызстандыктардын орточо маянасы 16 563 сомду түзөрүн жарыялаган.

Количество просмотров: 181