• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат: Разаков арыз жазып, отставкага кетсе баардык жагынан туура болмок

22 Үчтүн айы 2020 16:58 Бишкек Govori.TV

Разаков арыз жазып, отставкага кетсе баардык жагынан туура болмок. Бул тууралуу эл өкүлү Руслан Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, акыркы убакта Өкмөт өзүнүн дарегине айтылган сындарды тышкы жана ички күчтөргө шылтаганды адат кылды.

«Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселеси боюнча Бишкектеги митинг акча менен уюштурулган деп эсептей турганын ЖМКлардан уктум. Мындай сөздөрдү абайлап айтуу керек эле. Бүгүн парламентте айрым кесиптештерим дагы бул маселени көтөрдү. Айтканына жараша факт болуш керек. Эгерде далили болбосо Жеңиш Парпиевичтин арыз жазып, отставкага кеткени баардык жагынан туура болмок»,-деди депутат Казакбаев.

Количество просмотров: 216