• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Депутат: Резиденцияда жашагандар коммуналдык төлөмдөрдү өздөрү төлөшү керек

6 Бештин айы 2022 12:30 Бишкек Govori.TV

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жашаган чиновниктерди кармоого кеткен чыгымдарды азайтуу сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.

Ал белгилегендей, “Кыргыз Республикасынын Президентинин иши жана экс-президенттин статусу жөнүндө” мыйзамдын 10-1-беренесине өзгөртүү киргизилүүдө.

«Президенттен башка мамлекеттик резиденцияда убактылуу жашаган чиновниктер коммуналдык төлөмдөрдү өздөрү төлөшү керек. Резиденцияда парламенттин спикери, башкы прокурор, министрлер кабинетинин башчысы, Жогорку соттун төрагасы жана Конституциялык соттун төрагасы жашайт», — деди эл өкүлү.

Количество просмотров: 210