Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев премьер-министрликке талапкер Улукбек Мариповго сиз «папин сын» (атанын эрке баласы — ред.) эмессизби. Атаңыздын күчү менен бул кызматка келе жаткан жоксузбу?» деген суроо узатты.
«Мен атамдын фамилиясын булгагым келбейт. Атамдын берген тарбиясы менен сыймыктанам. Мен дагы ушундай балдарды тарбиялап, өстүрсөм деген ниетим бар буюрса. Бирок мен кайсы кызматта иштебейин, өзүмдүн принцибим менен иштеп келе жатам», — деди Марипов.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка учурдагы Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун талапкерлигин көрсөттү. Көпчүлүк коалиция өкмөттүн жаңы курамын жактыргандан кийин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде каралат. Андан кийин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.