• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Көпчүлүк коалиция премьерлик кызматка Бороновдун талапкерлигин жактырды

16 Кулжа 2020 13:35 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министр кызматына Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу 16-июнда көпчүлүк коалициянын жыйынында айтылды.

Иса Өмүркуловдун айтымында, дайындалган премьер-министр парламенттик шайлоого чейин, тагыраагы кийинки чакырылыштын депутаттары келгиче кызмат кылат.

Бүгүн, 16-июнда Мухаммедкалый Абылгазиевди премьер-министр кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ошондой эле өкмөт отставкага кетти деп эсептелет, деп маалымдайт өлкө башчынын басма сөз кызматы.

М.Абылгазиев кызматынан кетүү тууралуу арыз жазганы 15-июнда кечинде белгилүү болгон.

Боронов Кубатбек Айылчиевич 1964-жылы 15-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Зергер айылында туулган.
Билими жогорку. 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «Айыл чарба, курулуш» факультетин аяктаган. 2011-жылы Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясын «Юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1982-1983-жж. – Ош облусунун Алай районунун «Социализм» совхозунун сүт-товардык фермасы, каттоочу

1983-1985-жж. – Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн

1985-1991-жж. – Фрунзе политехникалык институту, студент

1991-1991-жж. – «Фрунзекурулуштун» 9-курулуш-монтаждык башкармалыгы трестинде каменщик болуп иштеген

1992—1996-жж. – «Кыргызкурулуш» АК караштуу «Стройлескомплект» ПБдө инженер, базанын башчысынын орун басары, базанын башчысы болуп иштеген

1998-2000-жж. – «Кыргызкурулуш» АК караштуу жыгач иштетүүчү заводунун директору

2001-2002-жж. – «Гоктүрк» ЖЧК директорунун орун басары

2003–2003-жж.– Кыргыз Республикасынын ЭӨКМнин Жарандык коргонуу штабына анык аскер кызматына чакырылган, пландык-экономикалык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган

2003-2006-жж. – Кыргыз Республикасынын ЭӨКМне караштуу Жарандык коргонуунун Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары

2006-2008-жж. -Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары

2009-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы

01.2010-08.2010-жж. – Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору

08.2010-12.2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары

24.12.2011-20.02.2018 – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри

2018-жылдын 20-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри

Количество просмотров: 157