Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министр кызматына Кубатбек Бороновдун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу 16-июнда көпчүлүк коалициянын жыйынында айтылды.
Иса Өмүркуловдун айтымында, дайындалган премьер-министр парламенттик шайлоого чейин, тагыраагы кийинки чакырылыштын депутаттары келгиче кызмат кылат.
Учурда жыйында талапкер Кубатбек Боронов сөз сүйлөп жатат.
Мухаммедкалый Абылгазиевди премьер-министр кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ошондой эле өкмөт отставкага кетти деп эсептелет, деп маалымдайт өлкө башчынын басма сөз кызматы.
М.Абылгазиев кызматынан кетүү тууралуу арыз жазганы 15-июнда кечинде белгилүү болгон.