Бишкек.05.11.2018.Govori.TV
«Мен ачыгын айтсам Самара Каримованы жакындан тааныбайт экем. Кол берип да көрүшө элекмин. Ар кандай булактардан , соцсеттен ырдап, чыгармачылыгын тартуулаганын көрүп калбасам..,. Бирок мен айтар элем, Самаранын Кудай берген талантын талаага таштабай оөркундөтүү үчүн күнү-түнү эмгектенип, мээнетин кетирип , элдин купулуна толгон ырлары, чыгармалары менен элден ыраазычылык алып жатканын, кааласаң каалабасаң да байкалып турат. Кээ бир жаштарга чайнап берсен да жуткулары келбейт. А Самаранын жетишкендиктери өзүнүн гана мээнеткечтиги, аракетчилдиги деп ойлойм. Мен билем, ар бир жетишкендиктин артында чоң таалыкпаган эмгек турат.
Самаранын музыкалык окуу жайга жетекчиликке шайлануусун мен туура көрдүм эле. Себеби эмгекчил адам иш тажрыйбасы болбосо деле, ар кандай тармакта жыйынтык көрсөтө алат. Азамат Жаманкулов министр мырза кайра Самараны 3-4 күндөн кийин кызматтан алып салганы адамгерчилике деле жатпай калды. Кайрадан Самара Каримованы аталган окуу жайга дайындашы керек деп ойлойм. Самара аталган окуу жайда сөзсүз жакшы жакка өзгөртүү жасай алмак»,-деп жазды депутат.